Кечээ Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу өз өлкөлөрүндөгү саясий абалды талкуулашты. Ошондой эле К.Бакиев жана Н.Назарбаев эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселесине дагы токтолушту. Ушул жылдын жаз айларында казак президенти Кыргызстанга расмий иш сапары менен келиши күтүлүүдө. (ZMa)