Кыргыз угуучуларына аттын кашкасындай таанымал комузчу, ырчы, күүчү, Республиканын эмгек сиңирген артисти Нурак Абдрахманов Кыргыз Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониясынын “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамблинде иштөө менен бирге “Агахандын Борбордук Азия боюнча музыкалык демилгеси” аттуу программанын алкагында ордо калаада “Устат-шакирт” борборунда педагог-устат болуп да иштейт.
Нурак мырза менен отургучтары, парталары жок шырдак, көлдөлөң салынган чакан бөлмөдөн жолуктум. Көрсө программанын талабы боюнча Нурактын шакирттери комузду азыркыдай отургучка отурбастан, байыркы шайырлардын салтын улашып, жерге отуруп чертишет экен.
- Нурак мырза өнөрканаңызда канча бала окуйт? Алар үчүн өз ара сынактар болуп турабы? Шакирттериңе комуз кандай салтта үйрөтүлөт?
- Менде азыр 12-13 бала окуп атат. Алар бүгүнкү күндө Адахан корунун Борбордук Азия боюнча музыкалык демилгесинин программасынын негизинде окушат. Алардын ичинен алтысы программанын талабына толук жооп беришет. Булардын ар бири ар бир жарым жылдыкта сынак тапшырышат. Сынактан өткөндөрү стипендия алышат. Ал эми сыноодон өтпөгөндөрү стипендия алышпайт. Бирок алар резерв катары окууларын уланта беришет. Өнөрканабыз үч жылдан бери иштеп келе жатат. Адахан корунун программасынын талабы боюнча шакирттерибизди нота менен эмес, абалкы салт боюнча угузуп, көргөзүп элдик нускада үйрөтүү. Ар бир баланын жан дүйнөсүнө сиңгиче күүнү уктуруу, салты, ыкмасы менен үйрөтүп жатабыз. Балдар ар бир күүнү эсине шак тутуп калышы үчүн өзүбүзгө белги ойлоп таап, ошондой ыкмаларды да колдонуп жатабыз. Маселен мен өзүм колдонуп атам.
- Нурак мырза шакирттериңдин арасында көзгө көрүнгөндөрү барбы? Ар бир окуучуң менен жеке сабак өтүү менен бирге ансамблдештирип күү черткенди да үрөтөт экенсиң? Азыр шакирттериң кимдин күүсүн аткарышат?
- Үч жылдан берки ийгиликтер жаман эмес. Маселен шакиртим Токтобек уулу Канат деген балам көгүлтүр экранга көп чыгып, көрүүчү-угуучулардын алкоолоруна ээ боло баштады. Мына менин жанымда отурган Адинай аттуу кызым Жанболот, Закирбек, Эмил деген уулдарым, Айпери деген кызым программанын талабын жакшы аткарышып, бир топ күүлөрдү чертип калышты. Абалтан шакирттеримдин көпчүлүгүнүн ата-энелери ырчы, комузчу. Маселен Эмил деген уулумдун энеси ырчы Гүлзат Байзакова, атасы Ишен комузчу. Экөө тең менин шакиртим. Ата-энелери музыкант болгондордун балдары бармактайынан ырларды, күүлөрдү угушуп, музыкага болгон кызыгуулары, бат кабыл алуусу башкаларга караганда өзгөчө болот экен. Мына ушундай балдарды чогултуп алып окутуп жатам. Ар бир баланын жөндөмүнө, кызыгуусуна жараша жекече программа менен күү үйрөтөм. Ал эми бири-бирин көрүп үйрөнсүн, ансамблдешип чертишсин деп Ыбырай Тумановдун “Паравоз” деген күүсүн жөнөкөйлөштүрүп, кол ойнотуу кошуп балдарыма үйрөтүп жүрөм.
- Нурак мырза, жаныңда отурган шакирттериңди тааныштырып койсоң? Мүмкүн болсо ал угармандарга бир күү чертип берсин?
- Менин жанымда отурган шакирттеримдин ичинен өнөркана ачылган күндөн бери такай катышып келе жаткан Кудабай кызы Адинай 6-класстын окуучусу. Азыр ал комузчу Мукаш Борбиевдин таңдын сулуулугун сыпатаган “Таң булбулу” аттуу күүсүн чертип берсин. Бул күүнү эмне үчүн шакирттериме үйрөтүп жатам. Себеби бул күү комуздун мойнунун аяк жагынан басылып чертилет. Черткенге өзгөчө жаш балдардын тез үйрөнүшүнө өтө ыңгайлуу күү. Ошондой эле мазмуну да жөнөкөй таңдын атышы, күндүн чыгышы баяндалат. Менин оюмча жаңы үйрөнчүктөр үчүн өтө ылайыктуу бир гана ыкма менен башынан аягына чейин шатыратып чертип кетет.
Бизге комуз чертип берген Адинайга Мукаш Борбиевдин “Таң булбулу” аттуу күүсүн аткарып бүтөөрү менен ырахматымды айтып, эмне үчүн комуз кармап, күү чертип калганын сураганымда, ал:
- Менин атам, апам экөө тең музыканттар. Бeш жашыман апам комуз черткенде аябай кызыга бaштадым. Апа мага да комуз үйрөт деп кыйнай берчүмүн. Биринчи класска мектепке барганда комузчу Нурак Абдрахманов комуз үйрөткөн. Сен да ошол атаңдай комуз үйрөн деп, киргизип койду. Келечекте мен да чоң комузчу болгум келет, - деп жооп берди.
Бир жарым жылдан бери Нурак Абдрахмановдон комуз үйрөнүп жүргөн Айпери аттуу кыз эмне үчүн башка музыкалык аспаптарга караганда комузга болгон кызыгуусун:
- Менин атым Айпери. Мен он үч жаштамын, №2 мектепте окуймун. Мен комузга өтө кызыгам. Нурак агайдан комуз үйрөнө баштаганыма бир жарым жыл болду. Атам, апам менен конокко барганда мени дайыма комуз черт дешет. Мени башка музыкалык аспаптар кызыктырбайт. Мага жалгыз гана комуз жагат. Келечекте чоң комузчу болсом деп көксөйм. Азыр мен улуу комузчу Айдаралынын “Көйрөң күүсүн” чертип берейин, - деп, “Көйрөң күүнү” Айпери чыгармачылык дареметине жараша таңшыта чертип жатты.
Мени орус мектепте окуп жүргөн Айперинин комуз кармап, күү чертип, кыргызча таза сүйлөгөнү кубанычтын кучагына бөлөдү. Баса, Нурактын шакирттеринин басымдуу көпчүлүгү орус мектептеринде окуган орус тилдүү балдар. Ошондуктан алардын комуз, тил үйрөнүп жатышы өзгөчө бир жаңылык деп ойлойм.