Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

18:25 “Бириккен фронт” менен “Реформа үчүн” кыймылы 5-каналга бойкот жарыялады


Бул тууралуу Бириккен фронттун мүчөсү Мелис Эшимканов билдирди. Ал 5-канал окуяларды чагылдырууда бир беткейлүүлүккө жол берип жаткандыгына нааразы болуп, президент Курманбек Бакиев коомдук телеканал тууралуу жарлык чыгарганына карабай МТРК да маалыматтарды бир жактуу чагылдырып жатат деди. Мелис Эшимкановдун айтуусунда Бириккен фронттун мүчөлөрү жана Реформачылар 5-каналга интервью жана башка маалыматтарды бербөө тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле МТРКдан жок дегенде 1 саат эфирдик убакыт берүү талабы менен Бириккен фронттун мүчөлөрү жана Реформачылар мамлекет башчыга кайрылышкандыгын билдирди депутат.

XS
SM
MD
LG