Дүйшөмбү күнү Бишкекте “Франкофония” жумалыгы башталды. Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде өткөн жумалыктын ачылышына Франциянын Кыргызстандагы элчилигинен, бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр,жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Иш-чаранын алкагында француз сүрөтчүсү Эрик Гурландын сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бишкек шаарын чагылдырган эмгектеринде сүрөтчү эки доорду, советтик мезгилди жана азыркы учурду көрсөткүсү келген. Башкача айтканда сүрөт күйөрмандары бул көргөзмөдөн артка кылчайышып советтик учурдагы эстеликтерди жана ошону менен бирге жаңы коюлган айкелдерди көрө алышты. Бул көргөзмө менен катар француз элинин улуттук даамын татытуу аземи болуп, швейцариялык жана канадалык кинорежиссерлор тарткан көркөм тасмалар көрсөтүлдү. Ошондой эле Франциядан келген рок тобунун концерти тартууланып, француз жазуучусу Малика Ферджук менен жолугушуу кечеси өттү. Мындан сырткары театралдык конкурстар уюштурулуп, француз тилин билген студенттердин арасында театралдык конкурстар өткөрүлдү. Анда катышуучулар француз авторлорунун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерден көрсөтүштү. Францияын Кыргызстандагы элчилиги, Канаданын консулдугу жана Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалык уюштурган Франкофония жумалыгы 7-апрелде жыйынтыкталды. Алардын билдиргенине караганда мындай жумалык келерки жылы да улантылат.
Шейшемби, шаршемби күндөрү Бишкекте “Жаш таланттар-2007” шаардык фестивалы өттү. Анда борбордогу музыкалык мектептерде билим алып жатышкан 7-жаштан он сегиз жашка чейинки үч жүздөн ашык таланттуу улан-кыздар өнөрлөрүн көрсөтүштү. Байге фонду 80 миң сомду түзгөн бул фестиваль онунчу апрелде жыйынтыкталат. Бул маданий иш-чара менен катар бейшембиде согуш жана эмгек ардагерлеринин “Кызыл гвоздика” аттуу шаар аралык фестивалы башталды. Сегизинчи жолу өтүп жаткан бул маданий иш-чараны Бишкек шаардык маданият башкармасы жана “Кызыл гвоздика” ардагерлер коому уюштурду. Фестивалдын талабына ылайык катышуучулар жеке жана вокалдык-хордук ырлардан ырдашып, адабий чыгармалардан көркөм окушуп, музыкалык аспаптарда ойношту. Фестивалдын биринчи туру онунчу апрелге чейин болот. Ал эми экинчи тур 18-апрелде “Жаштык” маданият үйүндө өтүп, 3-майда жеңүүчүлөрдүн галла концерти жана сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталат.
Жума күнү УТРКнын концерттик залында 80 жылдары кеңири адабият күйөрмандарынын арасында кеңири белгилүү болгон акын Айгүл Узакованын чыгармачылык кечеси өттү. Кечеде акындын ыр саптарына жаралган обондор да жаңырды. Ал эми Айгүл Узакова поэзия күйөрмандарына “Жүрөгүм менен сүйлөшүү” аттуу жыйнагына кирген ырларынан окуп берди.
“Айтышфильм” студиясы тарабынан “Гүл” аттуу мультфильм жаралды. Классикалык анимация үлгүсүндө тартылган бул мультфильмде өлкөдө саясий кырдаал чагылдырылган.
Садык Шернияздын айтымында студия мындан ары балдарга арналган тарбиялык маанидеги мульфильмдерди жарата бермекчи.