Ачкачылык жарыялаган 71 адамга кечээ дагы 12 киши кошулганын “Бириккен фронттун” маалымат-катчысы Азамат Калман “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, ушундай эле акциялар республиканын башка аймактарында да өтүп жатат. Маалыматка ылайык, Кеминде жети адам, Токмокто беш, Байтик айылында сегиз, ал эми Таласта беш киши ачкачылык жарыялоодо. “ Бийлик өкүлдөрү жана тартип коргоо органдары менен эч кандай кагылышуулар болгон жок, түн тынч өттү”, деп билдирди Азамат Калман.