Конституцияны өзгөртүү боюнча премьер-министр Алмаз Атамбаев башында турган жумушчу топ бүгүн жыйын өткөрдү. Анда жаңы Конституцияга негиз катары ноябрдагы Конституция кабыл алынды жана ал бир-эки күндүн ичинде президентке, андан кийин парламентке сунушталат. Эгер ал кабыл алынып калса, анын “өткөөл мезгил” бөлүмүндө айтылганына ылайык, Алмаз Атамбаев премьер-министрлик кызматынан өз эрки менен кетет, ал эми Жогорку Кеңештин фракциялары альтернативдик негизде президентке премьер-министрликке талапкерлерди сунуштайт. Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү, депутат Иса Өмүркулов “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди.
13:40 Жаңы Конституция кабыл алынса, премьер-министр Алмаз Атамбаев өз эрки менен кызматынан кетет