Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:39

КЫРГЫЗСТАНДА “БАЛТИКА-КУБОГУ”


8- апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кичи-футбол же футзал боюнча «Балтика» сыра компаниясынын кубогуна арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Борбор Азияда алгач ирет өткөрүлүп жаткан «Балтика» сыра компаниясынын Кубогуна Казакстан менен Өзбекстандын футзал командалары келишкен жок. Мөрөй талашууга Тажикстандын эки командасы жана Кыргызстандын тандалган 8 командасы катышты.

Төрт күнгө созулган мелдеште баш байгени Кыргызстандын тандалма командасы жеңип алды. Алар финалда Тажикстандын «Мегафон» командасы менен беттешип 4:2 эсебинде утушка ээ болушту. Биринчи орунга 50 миң сом, экинчи орун үчүн 30 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми үчүнчү орун үчүн таймашта дагы Бишкектин командасы Тажикстандын тандалма командасын 2:1 эсебинде жеңип чыгышты. Бул командага да 20 миң сомдук сыйлык тартууланды.

«Балтика» сыра компаниясынын кубогуна арналган эл аралык мелдештин «мыкты футболчусу» аталган Кыргызстандын тандалма командасынын чабуулчусу Нуржан Жетибаев түстүү телевизор менен сыйланып, турнир уюшкандыкта өткөнүн айтты.

- Финалдык таймашуу абдан курч мүнөздө өттү. Атаандаштардын даярдыгы дурус экен. Өлкөнүн кичи футбол ассоциациясы мелдештин жыйынтыгы боюнча тандалма команданы түзүп, май айында Жапонияда болуучу Азия чемпионатына жана эл аралык турнирлерге даярдыкты баштады.

Тажикстандык Шерзод Жураев «мелдештин мыкты чабуулчусу» деген сыйлыкка арзыды.
Тажикстандын тандалма командасынын дарбазачысы Мирали Шариповдун айтымында Борбор Азияда футзалга өзгөчө көңүл бурулуп, бул оюндун деңгээли жогорулап баратат.

Кыргызстандын Футзал ассоциациясынын жетекчиси Адылхан Бекболотов кичи футбол боюнча тандалма командасынын алдыдагы максаттары тууралуу буларды билдирди:
- Май айында Жапон мамлекетинде Азиянын чемпионаты өтөт, ошого буюрса катышабыз. Бул мелдеш ушул Азия чемпионатына даярдыктын бир этабы болду. Эми Казакстандын Кубогуна катышып, алардын күчтүү командалары менен таймашууга чыгабыз. Ушул “Балтика” компаниясындай ишкерлер спортту колдоого алса, жакшы жөрөлгө болот эле.

Кыргызстандын аймагында кичи футбол боюнча 500дөн ашуун команда түзүлүп, бул оюндун таасири артып баратат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG