9-апрелде республика боюнча мөөнөтсүз митингдердин башталышына байланыштуу кыймылдын лидерлери райондорду бөлүп алышып, оппозициялык кыймылдын активисттери менен жолугуп келди. Өмүрбек Текебаев, Эркин Алымбеков, Өмүрбек Абдрахманов Токмокко барышып, Чүй-Токмок боюнча фронттун жана кыймылдын үч жүз чакты активисттери жана ачкачылык жарыялап аткан беш адам менен жолугушту. Өмүрбек Абдрахмановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 11-апрелде Бишкекте боло турган митингке Токмоктон 3-4 миңге жакын адам келээри күтүлүүдө.
Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, алар депутат Мелис Эшимкановдон ачкачылык акциясын токтотуп, 11-апрелде “Алатоо” аянтында митингдин алып баруучусу болуп берүүнү суранышууда.
Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, алар депутат Мелис Эшимкановдон ачкачылык акциясын токтотуп, 11-апрелде “Алатоо” аянтында митингдин алып баруучусу болуп берүүнү суранышууда.