Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ХРИСТИАНДАР ПАСХА МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн Кыргызстандагы христиан дининдегилер пасха майрамын белгилешүүдө. Эртең менен Бишкектеги православдардын борбордук чиркөөсүнө миңдеген сыйынуучулар келишип, адамдарды азезилдин кулчулугунан, күнөөдөн куткарган Ыйса машаякка арналган диний жөрөлгөлөрдү өткөрүштү.

«Пасха» грек тилинен (Pascha) куткаруучу деген маанини түшүндүрөт. Бул майрамды христиан дининдегилер эки миң жылдан бери майрамдап келатышат. Бул күнү Ыйса машаяк ашталган жыгачка керилип Голгофко чейин алып барылган. Ал жерден Ыйса өз каны менен ааламдын керегесин сүртүп, адамдардын күнөөсүн кеч деп кудайдан суранган. Ыйса машаяк бул күнү кайра тирилген ыйык күн катары белгиленип келет. Ошондуктан Ыйсанын окууларын улантып, ага сыйынып урмат көрсөтүп келебиз, дейт борбордук чиркөөнүн диний кызматкери Алексий. Анын айтымында, православ дининдегилердин кырк күндүк орозо айынын соңундагы акыркы жекшембиде пасха майрамы салтанаттуу белгиленет. Ишембиде саат жыйырмада жана түн жарымы саат он экиде пасха майрамына байланыштуу диний жөрөлгөлөр өткөрүлгөн. Эртең менен саат сегизде да диний ырым-жырымдар өткөрүлүп ага миңден ашуун адам катышкан. Борбордук чиркөөгө сыйынганы келген алты жаштагы Таня Ларионова мындай дейт:

- Мен чоң энем менен чиркөөгө келип Ыйса машаякка сыйындым. Жакшылык, бакыт, тынччылык, ден-соолук тиледим.

Христиандар бул күнү Ыйса машаяктан жакшылык тилеп, күнөөдөн арылтууну өтүнүшөт. Таттуу токочторду бышырышып, ар түстүү боекторго боелгон жумурткаларды сый тамак катары пайдаланышат.

Ал эми машаякчы Жаныбек Жанызак пасханы кандайча майрамдашканын мындайча сыпаттады.

- Биз машаякчыларбыз. Эвангелисттер. Эвангелисттер деген жакшы кабар айтуучулар. Ыйсанын сөзү жакшы кабар делип айтылат. Бүгүн биз баарыбыз Ыйсаны даңктап ырдадык. Ыйсанын басып өткөн өмүр жолун кайра бир сыйра кайталап, өзүбүздүн көз алдыбыздан баягы экрандай кылып өткөрдүк. Анын адамдар үчүн жанын курмандык кылганына, чынын айтсак биз ыраазы болдук. Ошол Ыйсанын каны менен биз бүткүл күнөөбүздөн арылганыбызга сүйүндүк. Анан албетте биз адамбызда. Кичине торт, таттуу, чай кылып дегендей. Бирок өтө шаан-шөкөт эмес. Негизги максат шаан-шөкөттө эмес Ыйсанын куткаруучу сөзүндө, анын ишинде,- деди машаякчы Жаныбек Жанызак.

XS
SM
MD
LG