Муса Мураталиев, Москва Ичинде үч космонавтты бар Орусиялык «Союз» кемеси ишемби күнү «Байкоңур» космостук майдандан асманды карай жол тартты. Ал кеме орусиялык космонавттар Федор Юрчихин менен Олег Котовду асмандагы Эл аралык космостук станцияга жеткирип, кийин кайтып келмекчи. Алар менен бирге космостук турист болуп америкалык атуул - Microsoft компаниясынын жетекчилеринин бири, миллиардер Чарльз Симони да сапар алды. Эл аралык космостук станцияда болгон убакыт ичинде ал кайсы бир илимий сыноолорду өткөрмөкчү. Чарльз Симонини бала кезинен космоско учсам деп эңсеп келаткан ынтызар инсан дешет. 13 жашында Будапештте космосту сүйүүчүлөр конкурсуна катышып, Советтер Союзуна барып келүү байгесин утуп алып, ошол жолу Звёздный шаарчасында болгон экен. Кийин жер которуп, АКШга көчүп кеткен эле деп айтышат.
Кыргыздын жаш кеткен чыгаан жазуучусу Бегенас Сартовдун «Ааламда адашкандар» повестинде адам баласы космосту оңой багындырганы чагылдырылат. Ошонун далили сыңары кийинки учурда аалам коюнуна саякат жасоо өнөкөт болуп бараткандай. 7-апрель күнү кечке жуук көктү карай сапар алган үч кишини анын дагы бир мисалы катары алса болоор. Бул жолку 25 миллион доллар акы төлөп аалам коюнун өз көзү менен көрүп келүүгө бел байлаган киши америкалык миллиардер Чарльз Симони болуп атат. Ал акы төлөп саякатка чыккан бешинчи киши жана дегеле космоско учкан 450-кишинин бири болууда.
Космонавтарды алыс жолго узатуу каадасын өткөрүп атып Орусиялык өкүмөттүн биринчи орун басары Сергей Иванов, ал жерде миллиардерди орусча-англисче сүйлөп, кепке тартты:
ИВАНОВ: -«Чарльз, сиз саал-паал орусча билсеңсиз керек эле?»
СИМОНИ: -«Албетте, мен түшүнөмүн».
ИВАНОВ: -«Жолуңуз шыдыр болсун!..» «Жолуңуздун шыдыр болушун каалайм!»
СИМОНИ: -«Рахмат!»
Советтик режим Венгрияны да алкымдап турганда Америкага ооп кеткен Чарльз Симони ал жактан кийин баар тапкан. Microsoft компаниясында Word жана Exell программаларын ойлоп тапкан инженерлердин башында турган.
Кызык жери – саякат маалында да космостон көргөндөрү менен Жер шары тууралуу өзүнүн сайты аркылуу байланышып, маалымат берип турарын айткан жана анын дареги: charlesinspace.com экен.
Эл аралык космостук станцияда Чарльз Симони он күн болуп, ал учур ичинде Жер шарын 200 жолу айланып же 8 миллион чакырым аралыкты басып өтөт дешет.
Акы төлөп ааламга саякат жасоону 2001-жылы Деннис Тито баштаган. Бир жылдан кийин Марк Шаттлворт, былтыр Грег Олсен, быйыл Анюша Ансари учушкан.
Space Adventures компаниясынын өкүлү Эрик Андерсон: «Ааламга саякаттоону биз фантазиялуу кейиптен кадимки турмуштагы мүдөөгө айланттык. Ал мүдөө өз кезегинде жаңы өндүрүшкө айланууда», - деген.