Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Бүгүн христиандар эң ыйык майрамы Пасханы майрамдашууда


Кыйноо көргөн Иса Машаяк Пасхада өлтүрүлүп, кайра тирилген деп саналат. Бүгүн Римдеги Ыйык Петр аянтында Рим папасы таат окуду. Бенедикт дүйнөдө жаңжалдардын токтобой жатканына кападар экенин билдирди. Ал терроризмди жана динди "зордук-зомбулуктун миңдеген түрлөрүн" актоо үчүн колдонуп жатышканын айыптады. Рим чиркөөсүнүн башчысы мындан тышкары Ирактагы "кыргындын уланышына" жана Ооганстанда "бейстабилдүүлүктүн" өсүшүнө тынчсыздануу билдирди. Ошол эле убакта Рим Папасы Израил менен палестиндердин ортосундагы диалог үмүт отун жандырып жаткандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG