Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

ТАЛАС: АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯНЫН КАТЫШУУЧУСУ ӨЗҮН ӨРТТӨГӨНГӨ ДАЯР


Таласта “Бириккен фронт” тарабынан уюштурулуп ачкачылык акциясына катышып отурган Роза Жээналиева өзүн өрттөгөнгө даяр экенин “Азаттыкка” билдирди. “Жерүй”, “Андаш” кендери иштебесин деген митингдин лидерлери бүгүн Таласта “Бириккен фронт” уюштурган тынчтык митингисине кошулбай тургандыгын айтышты.

Бириккен фронт тарабынан Талас облустук администрациянын маңдайында үч күндөн бери эки боз үй тигилип, ачкачылык акциясы уланууда. Ачкачылык кармап отурган Роза Жээналиева азыркы бийликке болгон нааразычылыгынан улам өзүн өрттөгөнгө даяр экенин төмөнкүчө айтты:

- Жаңы бийлик келгенине эки жыл болуп калды. Эки жылдын ичинде эч бир жыйынтык жок, бир өзгөрүү жок. Коррупциянын үстүнө коррупция кошулуп, элдин 90 пайызын жакырчылыкка алып келди. Өзүнүн үйбүлөлүк кланын түзүп, туугандарын, жоро-жолдошторун алып келип иштетип жатат. Мен өзүмдү өзүм борборубуздагы “Алатоо” аянтына барып өрттөгөнгө даярмын, - дейт Роза Жээналиева.

Боз үйлөрдүн тегерегинде милиция кызматкерлери күзөт кылышууда. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнун башчысы Санжар Ибраимов Бириккен фронт тарабынан өтүлүүчү митингге каршы коомчулукка пропаганда иштерин жүргүзүлүп жатканы тууралуу буларды айтты:

-Борбордук базарда элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Каалагандар чыкса чыгат болуш керек. Элдин күндөгү турмушу өзүнүн нугунда жүрүп жатат.

Эл арасында Талас районунда кенге каршы жолду тосуп турган митингчилер “Бириккен фронтко” кошулат экен деген сөздөр айтылууда. Бул маалыматты такташ үчүн кендерге каршы акциянын лидери Улукбек Осмоновго кайрылдык.

-Балдар менен сүйлөштүк. Жер, суу деген ыйык маселе. Аны саясатка аралаштырбай өзүнчө карашыбыз керек. Эч кандай "Реформага" же болбосо "фронтко" кошулалы деген ниетибиз жок,- деди Улукбек Осмонов.

Улукбек Осмонов кенге каршы тургандардын лидерлерин 6-апрелде өкмөт башчы Алмаз Атамбаев Бишкекке чакырып жолугушканы тууралуу буларга токтолду:

- Жыйындардын, митингдердин чечимдерин ал кишиге бердик. Ал киши айтты шартка байланыштуу болот. 14-апрелге чейин өзүм барып көрбөсөм ары же бери деп айта албайм. Көпчүлүктүн оюу менен кылгыдай кылабыз деген. Эл туура түшүндү. Жолду ачып коюшту. 14-апрелге чейин күтөбүз. Келбесе башка иш аракеттерди колдонобуз,- дейт Улукбек Осмонов.

XS
SM
MD
LG