Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

7:00 Өлкө президентинин кызматтан кетишин талап кылган ачкачылык акциясы уланууда


Ачкачылык жарыялагандар ошентип бүгүн эски аянтта бешинчи күндү тосууда. Белгисиз аялдар тобунун чагым салууга жасаган аракетин эске албаганда, өткөн түн негизинен тынч болгонун ачкачылыкта тургандардын бири Бекназар Орунов бүгүн эртең менен «Азаттыкка» билдирди. Бул жерге тигилген боз үйлөрдүн саны кечээ тогузга жетип, ачкачылык жарыялагандардын саны 80ден ашкан. Мындай акциялар республиканын башка аймактарында да уланууда. «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттун маалымат катчысы Азамат Калмандын билдиришинче, республика боюнча мындай талап менен ачкачылык жарыялагандардын саны учурда 100дөн ашты. (SM)

XS
SM
MD
LG