Президенттин кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган митингдер бүгүндөн тарта өлкөнүн түндүк аймактарында баштааларын «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттон кабарлашты. Ошол эле учурда чагымчылык аракеттери болуп кетиши мүмкүндүгүнөн чочулап, бириккен фронт түштүк аймактарында мындай нааразылык чараларын токтотконун жарыялады. 11-апрелде Бишкекте миңдеген эл катышкан чоң митинг өтүшү күтүлүүдө. (SM)