Ал Амазонканы бойлой сүзүп өткөн алгачкы адам болду. Узундугу 5 миң 265 чакырым келген дарыя менен сүзүп өтүү үчүн Шртелге 66 күн талап кылынды. Амазонка крокодил, пиранья балыктары жана анаконда өңдүү жаныбарларга толгонун эске алганда Штрель үчүн дарыяны багындыруу оңой болгон жок. Ал буга чейин ушинтип эле Янцзы, Миссисипи жана Дунайды бойлоп сүзүп өткөн.