Долбоордун алкагында аталган окуу жайда европалык стандарттарга шайкеш келген айыл чарба боюнча бакалавр адистер даярдалат. Болочоктогу айыл чарба кадрлар агрономияны эле өздөштүрбөстөн, ишкерлик долбоор түзүүнү үйрөнүп, бухгалтериялык эсеп-кысап жүргүзүү боюнча билим алышат. Долбоор Европалык биримдик тарабынан каржылоого алынып, ага Австрия, Венгрия, Германия жана Испаниянын университеттери тартылат. Бул туурасында ОшМунун басма сөз кызматы билдирди. (EBM)