Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

15:11 Билим берүү министрлиги студенттердин митинг акцияларынан оолак болушун талап кылууда


Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев агартуу тармагы азыркы апрель акцияларынан тышкары экендигин, студенттердин митинг жана антимитингдерге катышуусуна каршы экенин дагы бир сапар билдирди. Министр бул позициясын бүгүн министрликте өткөн кеңешмеде дагы бир жолу баса белгиледи. Каныбек Осмоналиевдин айтымында, саясий акцияларга алаксып, окуу процессин үзгүлтүккө учуратууга мыйзам жол бербейт. Министр ошондой эле министрликтин атына жамынып алып, окуу жайларды митинг акцияларга чакырган жалган билдирүүлөр болуп жатканын айтып, тармактын кызматкерлерин кыраакы болууга үндөдү. Мисалы, өткөн жумада министрликтин каршы болгонуна карабай, Жалалабатта айрым бир күчтөр студенттерди бийликти колдогон саясий акцияга алып чыгышкан. (KCh)

XS
SM
MD
LG