Бүгүн күндүн экинчи жарымында Чүй областынын дээрлик бардык райондорунда митинг болуп өттү. Жергиликтүү байкоочулардын маалыматына ылайык, Кемин районунун борборуна эки миңдей, Сокулук акимиятынын алдына беш жүздөн ашык, Панфилов районунан эки миң, Карабалтанын борборуна миң чамалаш жана Москва районунда жети жүз адам чогулган. Андан сырткары Жайыл, Ысыката, Аламүдүн райондорунда жана Токмок шаарынын борбордук аянтында да митинг болгон. 5-апрелден баштап Байтик айылында жана Кемин шаарчасында ачкачылык акциясы башталган. Бүгүн Байтик айылынан ачкачылык жарыялаган алты адам ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу акцияны токтотуп, митингге кошулду. Кеминдиктер болсо дале улантып жатат. (JJ)