Облустун аймагындагы нефтинин запастарын чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 9-апрелде Баткенге Австралиядан инвесторлор жана алардын Кыргызстандагы өнөктөшү «Нефти компания» жабык акционердик коомунун өкүлдөрү келишти. Алар жергиликтүү бийликтегилерден колдоо алуу үчүн облус башчысы Султан Айжигитов менен жолугушуп, губернатордун макулдугун алышты. Австралиялыктар Баткенде мунайзат кендерин чалгындоо иштерин ушул жылдын июнь айында баштамакчы. (SA)