Жүргүнчүлөрдү ташуучу чоң авиалайнерлер АКШ, Евробримдик жана Россияда гана жасалат. Кытай бул клубга 1970- жылдары кошулмак болуп, бирок өнөр жайынын деңгээли төмөн экенин түшүнгөн. Себеби, авиа өндүрүш - машина куруу, электроника, химия сыяктуу жогорку технологиялык тармактарга катар тийиштүү инженердик жана илимий даярдыкты талап кылат.
Кытайдын чоң учактарды куруу жөнүндөгү чечими серепчилер үчүн күтүүсүз кадам болгон жок. Германияда чыгуучу "Aero International" журналынын редактору Ахим Фиггендин айтышынча, бул күтүүсүз окуя эмес:
- Анткени, Кытай бир нече ирет коммерциялык учактарды курууга аракет жасаган. Азыр алар кичинекей региондор аралык каттамдарда учуучу учактын үстүнөн иштеп жатышат. Ошондуктан, бул чечим мен үчүн күтүүсүз болгон жок.
Авиаөндүрүш абдан татаал жана жоопкерчиликтүү тармак экенин Кытай бийликтери жакшы түшүнөт. Ошон үчүн “Кытай учагы” долбооруна чет өлкөлүк инвесторлорду жана адистерди тартууну ойлоштурууда. Андыктан болочок аэропланды Кытай жалгыз жасады деп айтып болбойт дейт Ахим Фигген:
-Кытайлыктар учактын ар бир тетигин өздөрү жасай албайт. Андан эч шек санабайм. Алар Батышта жасалган кыймылдаткычтарды колдоно турганын жашырбай айтышууда. Алардын Батышта жасалган электрондук жабдууларды да колдоноору да турган иш.
Кытайдын “AVIC-One” өкмөттүк компаниясы Батыш технологиясын ички аба каттамдарда учуучу “ARJ-21” учагын жасоодо пайдаланмакчы болууда. 70 жүргүнчү ташуучу бул учак бир жарым жылдан кийин абага көтөрүлөт. Ага керектүү тетиктердин 40 проценти Батыштан сатып алынат.
Арийне, Кытайда жарандык авиаөндүрүш тармагында тажрыйбасы жок деш натуура болот. Жалпы европалык “Аэробус” жана Кошмо Штаттардын “Боинг” учактарына керектүү айрым тетиктер азыр Кытайда жасалат. “Аэробус” жакында эле А 320 моделиндеги учактарын Тянцзин шаарында жыйноого макулдук берди. Кытай ошондой эле соңку беш жылда космоско 22 жандоочу - спутникти учурду.
Деген менен талдоочулдын айтышынча жаңы долбоордун максаты - баарынан мурда жергиликтүү каттамдарды Кытайдын өзүндө жасалган учактар менен камсыздоо.