Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Иракта он миңдеген адам анти-америкалык демонстрацияга чыкты


Кечээ Эн Наджаф шаарында шиилердин радикалдуу жетекчиси Моктада Ас Садрдын чакырыгы менен Америкага каршы демонстрация өттү. Анын катышуучулары коалициялык аскерлерди Ирактан чыгаруу талабын коюшту. Аны менен катар Ас Садр өз жактоочуларын америкалыктарга каршы куралданууга чакырды. Кечээ Саддам Хуссейндин диктатордук режиминин кулашына төрт жыл толду. Террористик аракеттер коркунучунан Багдадда автоунаа кыймылына тыюу салынды.

XS
SM
MD
LG