Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:27

13:50 “Эки тарапты бир пикирге келтирүү коалициясы” түзүлдү


Коалицияга “Социал демократтар күчтөрүнүн”, “Асаба”,"Социал-демократтар" партияларынын жаш канаттары баш болгон бир нече саясий партиялар, “Замандаш” ассоциациясы, Жаш саясатчылардын форуму, "Кел-кел" кайра жаралуу уюму баш болгон коомдук уюмдар жана өздөрүн өлкөдөгү кырдаалга кайдыгер эмес деп санаган катардагы жарандар кирген. Аталган коалициянын өкүлү, “Замандаш” ассоциациясынын жетекчиси Жума Абдуллаевдин айтуусунда, коалиция бийликтин өтүнүчү менен эмес, өлкөнүн, элдин эртеңине кайдыгер карабаган жарандардын демилгеси менен түзүлдү. Аталган коалициянын өкүлдөрүнөн турган топ бүгүн “Бириккен фронт” менен бийлик өкүлдөрүнө жолугуп, аларды сүйлөшүүгө, маселелерди тегерек үстөл четинде отуруп, чечүү талабын коюшмакчы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG