Бириккен фронттун саясий акцияларына каршы болгон 1813 киши Бишкекке жиберүүнү өтүнүп, Элдик кыймылга кайрылышкан. Алар 11-апрелде башталчу оппозициянын мөөнөтсүз митинг акцияларынан бийликти коргоп чыгууга даяр экенин билдиришкен. Ошондой эле облустагы бир нече саясий партиялар менен жарандык коомдордун жана улуттук маданий борборлордун өкүлдөрү Бириккен фронттун иш-аракеттерине каршы тынч митинг өткөрүүнү сунуш кылышкан. Оппозициялык "фронтко" каршы облуста түзүлгөн Элдик кыймыл өз кезегинде эч кимди Бишкекке жибере албай тургандыгын билдирип, өлкөгө тынчтык зарыл болгондуктан ар кандай митингдерди өткөрүүдөн баш тартууга чакырууда. Бул маалыматты “Азаттыкка” Элдик кыймылдын башчысы Мойдун Мамажанов билдирген. (YA)