Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

15:23 Жалалабат облусундагы тартип сакчылары менен аскерлер күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

Облустагы маанилүү өнөр жай ишканаларын кайтаруу күчөтүлдү. Мындай милдет ИИМдин аскердик бөлүктөрүнө жүктөлдү. Чек ара кызматы да коншу мамлекеттен ар түрдүү шектүү адамдардын өтүп келүүсүнө бөтөнчө көз салууда. Мындай маалымат 10-апрелде облбийликтин тармактык бөлүмүнөн алынды. Ал эми облустун ички иштер башкармасы Жалалабаттан Бишкекке коомдук тартип сакчылары менен милициянын өзгөчө отряды жиберилген деген маалыматты төгүнгө чыгарды. 9-апрелде айрым электрондук маалымат каражаттары түштүк аймактарынан милициянын атайын аскер бөлүгүнүн 300 жоокери Бишкекке жөнөтүлдү деген билдирүү таратышкан болчу.(YA)
XS
SM
MD
LG