Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

16:25 Өрт өчүрүү кызматы жаңы техникаларга муктаж


Мектептердин, “Береке” соода борборунун, базарлардын өрттөнүшү өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактабаганынан болгон. Өрт өчүрүү кызматынын техникаларынын эскилигинен көп кабаттуу үйлөрдөгү өрттү өчүрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Заманбап техникаларды сатып алуу үчүн 160млн. сом, атайын кийим алыш үчүн 30 млн. сом каражат талап кылынат. Быйыл өкмөт өрт өчүрүү кызматына 103 млн. сом бөлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмаз Камчыбеков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 1-кварталда өлкө аймагындагы өрттөн мамлекет 8 млн сомдук зыян тартса, бир жыл аралыгындагы өрт 50 млн. сомдук зыян алып келет. (AJ)

 

XS
SM
MD
LG