Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын эксперти, профессор Зайнидин Курманов башка өлкөлөрдүн турмушунда кан төгүүгө алып келген саясий чыр чатактардан сабак алууга чакырууда. Анын айтымында, бийлик талаш коңшу өлкөлөрдүн бирөөндө да жөнөкөй эле өткөн жок. Россияда 1993-жылы президент Ельцин менен спикер Р. Хасбулатовдун кармашынан 150 адам өлгөн. Тажикстанда 1992-жылы президент Р. Набиев менен оппозициянын тиреши атуулдук согушка айланып, 150 миңдей адам көз жуумп, эки миллиондой адам өлкөдөн качып тентип кеткен. Жети жылдын ичинде Тажикстанда беш президент алмашкан, биринчи президент Н. Набиевди өлтүрүп салышкан. Ошондуктан, З. Курмановдун айтымында, конституциялык реформа аягына чыкса бир кагыштыра турган маселе чечилет. «Экинчиден, президент коом күтүп жаткан нерселерди жасаш керек, ансыз эч качан стабилдүүлүк болбойт»,-деди Зайнидин Курманов «Азаттыкка». (KCh)