ЫСЫККӨЛ. Кечээ Каракол шаарында кош бийлик орноп кетээрде, Жогорку Кеңеш депутаты Эркин Алымбеков ага жол бербей элди токтоткондон кийин кырдаал бир аз жумшарган. Митингичилер бозүйлөрүн чечип, 11-апрелде митингге даярдык көрүшкөн. Бүгүн 10-апрелде бириккен фронттун штаб башчысы Асанбек Сабырбаев Ысыккөлдөн 2 миңге жакын киши Бишкекке кетип атканын маалымдады. Бирок так маалыматтар боюнча Каракол тараптан онго жакын кичи автобус жөнөтүлдү. Ысыккөл районунан миңдей киши кетет дегени да аныкталбай атат. Балыкчы шаарынан болсо өздүк автоунаалары менен 400дөн ашык киши жолго чыкканын штаб жетекчиси Темирбек Жунусов маалымдады. Бирок шаар башчысынын милдетин аткаруучу Таалайбек Медеркулов аны жокко чыгарып, кеткендердин санын эки жүзгө чукулдатсак реалдуу болот деди.(RB)