Миллиардер Чарльз Симоний космоско учуу үчүн 25 миллион доллар төлөдү. Жердин орбитасында жүргөн бекетке ал орусиялык космонавттар Федор Юрчкин жана Олег Котовдор менен бирге учуп келди. Симоний компютердик Майкрософт компаниясы үчүн программа жазып байыган. Ал космоско досу, америкалык бизнес-уимен Марта Стюарт жиберген чүйгүн тамактан ала келди.