Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

17:58 Эки баскычтуу бюджетке өтүү проблемасына арналган жыйын болуп өттү


Бишкекте өткөн тегерек столду Каржы министрлиги, “Сорос-Кыргызстан” фонду жана “Гид консультант” компаниясы уюштурган. Иш чаранын жүрүшүндө эки баскычтуу бюджетке өтүүдөгү, муниципалдык менчикти башкаруудагы проблемалар талкууланды. Тегерек столго Каржы министринин орун басары А.Кожошев, Жогорку Кеңештин, Дүйнөлүк Банктын жана башка уюмдардын адистери катышты. Жыйындын соңунда анын катышуучулары эки баскычтуу бюджетке өтүүдөгү проблемаларды чечүү жолдорун иштеп чыгышты. Адистердин бул сунуштары каржы министрлигине тапшырылмакчы.(AiJu)

XS
SM
MD
LG