Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жана конституциялык реформа жүргүзүү талабы коюлмакчы. Митинг борбордук Алатоо аянтында түшкү саат экиде башталаары күтүлүүдө. Ага катышуучулар Бишкектин 7 жеринде чогулушуп, борбордук көчөлөр аркылуу аянтка келишээрин бириккен фронттон кабарлашты. Кечээ кечинде «Алатоо» аянтына 18 боз үй жана 40 чатыр тигилип, бириккен фронттун жер-жерлерден келген жактоочулары жайгаштырылды. Жалпысынан аянтка 70 чакты боз үй тигилээри кабарланууда.(SM)
7:00 «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронту бүгүн Бишкекте мөөнөтсүз митинг баштайт