Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

БАКИЕВДИН ТАЯНГАНЫ КИМ?


Нурлан Мотуев өндүү «көзүрлөргө» таянгандан бөлөк жөлөнөрү жок калса анда чындап эле президент Бакиевдин иши кыйын экен деп жазган «Белый пароход» гезити К.Байболовго кайрылып: «болуптур, бийлик силердин колуңарга өттү дейли, анан эмне болот?» деп суроо салганда, ал, мындай чырмалган кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу фронтчулар сунуш кылып жаткан радикалдуу Конституциялык реформа экендигин, башка жол жоктугун, ушул мыйзамга кол коюлса тирешүүнүн зарылдыгы болбой каларын айтса, ушул эле гезит, президент Бакиевдин ар кайсыл жыйындардагы, телеберүүлөр аркылуу сүйлөгөн сөздөрүндөгү элге берген убадаларына токтолуп, ошол айткандарын жыйнап туруп көп нускада калкка таратып жиберсе эле бийликке чоң сокку болорун, ошондо эл мамлекет башчысы аны кантип уяты жоктук менен алдаганын түшүнөр эле деп жазат.

«Дело №…» гезити өлкөнүн Түштүк аймагынан кошумча милийса күчтөрү Бишкеке апкелингенин, ички иштер министрлиги бир менчик дүкөндөн отуз мылтык жана миң даана желим окторду сатып кеткенин, бирок аты-жөнүн атагысы келбеген милийса кызматкерлери, эгерде министр Б.Ногойбаев митингчилерге ок аткыла деп буйрук берген күндө да биз элге ок атпайбыз дегенин маалымдады.

«Апта» гезити бүгүнкү окуяга карата ой-пикирлердин топтомун жарыялады. Акын Кыялбек Урмамбетов, кечээ жазуучулар чогулуп билдирүү жасаганда айтылуу кара сөз чебери, Кыргыз эл баатыры Төлөгөн Касымбеков мындай кырдаалда падышалар өзүлөрү эле кетип калчу эле деген оюн айтканын, «Бириккен фронттун» мүчөсү Бөдөш Мамырова, митинг учурунда азыркы бийлик кызматынан кетип, өлкө андан соң жаңы жүз, жаңы багыт менен өнүгүү жолуна түшөрүн, журналист Капар Токтошев, тирештин кульминациясы бүгүн, ашып кетсе эртеңки күн менен чечилерин, президентке оор болорун, бирок, «өзүң кылган иш өз башыңа муш» деген ушул болорун, ачкачылык акциясынын уюштуруучусу Бекназар Урумов, өлкө боюнча бийликке баш ийбөө толкуну башталганын, эгер Бакиев отставкага кетпесе кайра эле күзүндө нааразылык күчөрүн айтып жооп беришкен.

Өлкөдөгү окуялар мүнөт сайын өзгөрүп жаткандан улам, бүгүн эмне болорун, эртең эмне болорун болжош кыйын болуп калды. Алтургай айтылуу аналитиктер дагы саясый элитанын тиреши эмне менен бүтөрүн айтып бере алышпайт, Ф.Кулов болсо бүгүн өлкөдө бийликти Конституция алкагында тынч жол менен өткорүп берүү болуп өтөт, деп айтты эле деп жазат «…Плюс бүткүл өлкөнү кетсинизациялаштыруу» деген макаласында «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити.


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG