Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

11:30 М.Суталинов: Морадерлорго курал колдонобуз


БИШКЕК. Кечээ кечинде "5-каналга" интервью берип жатып Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Мурат Суталинов "морадерлорго карата катуу чаралар көрүлөт, биздин ар бирине 10 кишиден кирген 10 тобубуз болот жана аларда курал бар, мына ошолор морадерлорго жеңил жана орточо жаракат келтиргидей кылып курал колдоно алышат", деп билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда байлык, мүлк кол тийгис болгондуктан ар бир кожоюн өз мүлкүн курал менен коргой алат.

"11-апрелде менин балдарым мектепке жана универститетке барбайт, алар 5 минутта үйдөн чыгып кетүүгө даяр турушат, деп билдирди. Анын айтымында, шаарга "кийинип, ичинип алыш максатында митингичилерге кошулуп майда кылмыш топторунун өкүлдөрү да келишти". "Мына ошондойлордон сактаныш керек", деп билдирди Мурат Суталинов.

Ал "Феликс Кулов "Бириккен фронтту түзгөндөн бери бир нече ката кетирди. Биринчиден, ал жанына күч органдарынын кызматкерлери арасында кадыры азыраак Калык Иманкулов, Бакирдин Субанбеков сыяктуу адамдарды алып алды. Дагы бир катасы Мукар Чолпонбаевдин анын жанында жүрүшү. М.Чолпонбаев 2005-жылы 17-июнда элди Ак үйгө баштап келгендердин бири", деп билдирди.

Ошол эле маалда М.Суталинов Ф.Кулов өз сөзүнө турду, анткени 9-апрелдеги митингдер тынч өттү, деп эсептейт. "Феликс Кулов 5 жыл абакта жок жерден отурду. Ошондуктан ал акыйкатсыздык деген эмне экенин жакшы билет. Менимче, Ф.Куловдун тарапкерлери мыйзам бузууга барбайт деп ойлойм. Анткени 9-апрелде жер-жерлерде "Бириккен фронттун" митингдери тынч өттү. Азырынча Ф.Кулов сөзүнө туруп жатат" деп билдирди Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы "5-каналга" берген интервьюсунда. (КО)

XS
SM
MD
LG