Антимитингдерди уюштурууга жол бербөө өтүнүчү өкмөт башчыга да жөнөтүлдү. Атамекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Жалалабат облусу боюнча жардамчысы Сейит Кадырбековдун айтымында, азыркы кыйын кырдаалдан чыгыш үчүн Феликс Кулов элди биримдикке чакырыш керек. Ал эми Курманбек Бакиев чукул шайлоо болот деп күтүп отурбай эле, элдин тынчтыгы үчүн дароо эле кызматынан кеткени оң. Ал эми Базар Коргон районунда бүгүн болгон жыйында президент К. Бакиевдин отставкасын талап кылууга эч негиз жок деген пикирлер айтылды. Мисалы, жергиликтүү тургун Максат Калдаровдун айтымында, президент К. Бакиев токсон пайыз добуш менен шайланган, ошондуктан өз мөөнөтүн өтөш керек. (YA)
12:05 Атамекен партиясынын Жалалабат облусттук уюму антимитингдерди уюштурбоону элден өтүнөт