Малайзия эл аралык университетинин студенти Нурбек Ишекеевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, алар менен кошо эки жүзгө жакын кыргыз студенттер чыгышмакчы. Чет жерде билим алып жаткан айрым кыргыз жаштар митингге катышуу үчүн өлкөгө атайын келишкен, жана жөн гана бийлик алмашуу эмес, чыныгы реформалардын болушун талап кылган билдирүү таркатышкан (EBM)