Үч миңден алты миңге чейин адам Борбордук аянттагы митингдин катышуучуларына келип кошулушту. Митингдин алып баруучусу Мелис Эшимканов митинг он беш минутадан кийин башталарын кулактандырды. Митинг өтүүчү аянтта Ф.Кулов, Ө.Текебаев, Э.Алиев, Ө.Абдырахманов, Э.Бөлөкбаев жана башка фронттун өкүлдөрү бар. Митингди М.Эшимканов, Э.Бөлөкбаев, вице-спикер Э.Алымбеков алып бара турган болушту. Ички иштер минитсринин орун басары Темиркан Субановдун айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн үч миң милиция кызматкери тартылганын, алардын бир бөлүгү облус, райондордон алынып келинген. Укук коргоо органдарынын билдиргенине караганда аянтта беш миң чогулду. Бириккен фронттун координатору Жыргалбек Турдукожоевдин айтымында, отуз миңге чукул адам болду. Ал эми журналисттердин баамында митингге келгендер он миңдин тегерегинде. (AJ)