ЫСЫККӨЛ. 11-апрелде Бозтери айыл өкмөтүнө караштуу Бактыдөөлөт айылынын жүздөй тургуну Ысыккөл райондук администрациясына нааразылык билдирип чыгышты. Нааразылык көл жээктеги 16 гектар жердин 50 пайызы Бозтери айылына бөлүнөт деген билдирүүдөн улам келип чыккан. Жергиликтүү бийлик менен тиешелүү органдар бул жер бир айыл өкмөттөгү эки айылга бирдей таратылышын түшүндүргөнү менен, ага каршы болуп 17 жеңил автомашина жана 3 кичи автобус менен Бишкектеги митингге кетишээрин маалымдашты. Район башчысы Турусбек Мансуров бул маселени 20 кишилик комиссия менен эки күндө чечилерин убада кылганда гана чогулгандар тарап кетишти. (RB)