Кытайдын өкмөт башчысын Токионун аэропортунда мына ушинтип жылуу тосуп алышты. Бирок Жапониянын экс-премьери Койзуминин Ясуки согуш мемориалына кайта-кайта баргандан улам бузулган мамилени оңдош жеңил болбойт. Кошул-ташыл болуп, быйыл Нанжиң кыргынына 70 жыл толууда. Кытайдын ырастоосунда, Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде бул шаарда жапон аскерлери жүз миңдеген кытай жарандарын кырып өлтүргөн. Жапонияда бул кыргын тууралуу көп биле беришпейт, ал эми консерватор окумуштуулар жана саясатчылар кыргын болгон эмес деп танып келишет.
Лондондук аналитик Александр Нейллдин айтымында, Жапониянын учурдагы өкмөт башчысы Шинзо Або деле консерватор-улутчул катары белгилүү, ошондуктан Кытай премьеринин сапарынан көп жылыш болоору күмөн:
– Бул визит үстүрт гана оңоп-түзөө аракети, ал алакаларды жакшыртууга реалдуу салым кошо албайт. Ошентсе да, бул туура багыттагы кадам экени шексиз. Ортодогу дагы башка маселерди алсак, Кытайдын армиясын масштабдуу жаңыртуусу жапондордун тынчын алат, ал эми кытайлар өз кезегинде Жапониянын аскерин чет өлкөлөрдө жайгаштырууга жол ачуучу конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү аракеттери кыжаалат кылып келет.
Экономикалык айдыңда да кыйынчылыктар жок эмес. Эки өлкөнүн ортодогу Кытай деңизиндеги чек ара алигиче тактала элек, ал эми бул аймак энергетика кендерине бай деп саналат. Ошондой эле экономикасы өзүнүкүнөн бир нече эсе тездик менен өсүп жаткан Кытайдын алдыдагы бир нече он жылда Азиядагы эң кубаттуу өлкөгө айланышынан Жапония өзүн оңтойсуз сезет.
Ошого карабастан, экономикалык алакалар эки жак үчүн бирдей маанилүү. Кытай Жапониядан технологиялык кызматташтыкка көз каранды, ал эми Жапония Кытайдын эбегейсиз ички базарына кызыгат. Ошондой эле Кытай Жапониянын номер биринчи соода шериги. Бул соода былтыр 240 миллиард долларга жетти.
Жаныл Жусубжан, Прага