Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

УКРАИНА-КЫРГЫЗСТАН: КАНДАЙ ДЕМОКРАТИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШ КОНСТИТУЦИЯЛЫК КРИЗИСТИ ЖЕҢЕТ?


Гүлайым Ашакеева, Бишкек Ар бир эле өлкө көп кылымдык тарыхында мезгил- мезгили менен конституциялык кризиске кабылып турат. Бирок айрым өлкөлөр, айрыкча пост-советтик өлкөлөр кыска убакыттын ичинде мындай кризиске көп кабылышууда. Батыштагы демократиялык мамлекеттерде мындай учурларда саясий абалды колдон чыгарбоо үчүн кандай жалпы кепилдиктер бар? "Мыйзам аркылуу Демократияга" Еврокомиссиянын аткаруучу катчысы Томас Маркерт “Азаттык” үн алгысы учун маек курган. Бул уюм «Венециялык комиссия» деп дагы аталып Конституция маселелери боюнча Европалык Кеңештин алдында иштейт. Эмесе бул маектин мазмуну менен Гүлайым Ашакеева тааныштырат.

- Советтер Союзунун мураскорлору болгон өлкөлөр Украина менен Кыргызстандагы жаңы мамлекеттик институтуттарды түзүүдөн сырткары улам-улам кайталанган конситуциялык кризистин атайын бир себептери барбы?

- Менин оюмча, албетте мурдагы Совет өлкөлөрүндөгү улам-улам болуп жаткан конституциялык кризистин себеби бар. Бул болсо көптөгөн өлкөлөрдө президент менен парламенттин ортосунда бийлик күрөшүнүн болуп жаткандыгы. Бир жагынан алып караганда салтык болуп калган күчтүү авторитардык президенттер өздөрүнүн бийлигин күчөтүү, ал тургай жайылтууну каалашса, башка жагынан алып караганда парламенттер дагы өз бийликтерин бекемдегиси келгендигинде.

-Парламенттик-президенттик аралаш системанын болушу конституциялык кризиске түртөбү? Андай болсо, мисалы Батыш Европа мамлекеттери менен айырма кандай?

- Батыш өлкөлөрүндөгү бир чоң айырма – дээрлик бардык өлкөлөрдө көз карандысыз конституциялык сот түзүлүшү бар. Ал эми демократиялык түзүлүшкө жаңы кадам таштаган өлкөлөрдө алгач конституциялык сот көз карансыздык мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Дагы бир айырма - көпчүлүк европалык өлкөлөрдө таза парламенттик система, Франциядан башкасында. Ошондуктан мындай бийлик үчүн күрөш болушу мүмкүн эмес. Анткени өкмөт жоопкерчиликтүү жана парламенттин көпчүлүк бөлүгүнөн көз каранды. Ал эми мурдагы совет өлкөлөрүндө парламенттик көпчүлүк жана президент эки түрлүү лагерге тиешелүү болуп бири-бирине карама-каршы турушат.

-Арбитр катары кызмат кыла алган ишенимдүү конституциялык сотту кантип түзүүгө болот?

- Конституциялык сот үчүн орчундуу маселе – албетте, соттор дайындалганда гана конституциялык соттун курамы ишенимдүү болуп тең салмактуу жана адилет сот системасы түзүлөт. Соттор парламенттик көпчүлүк аркылуу шайланбаган же президент тарабынан дайындалбаган - плюралисттик түзүлүштү камсыз кылган системага муктаж. Бирок менин оюмча мындай шартты түзүү үчүн кандайдыр бир убакыт талап кылынып, адамдардын сотторго жетишерлик ишеними пайда болгон зарыл шарт болушу керек. Анткени мурдагы Совет өлкөлөрүндө сотторго болгон салтык ишеним жок.

-Украина жана Кыргызстанга үлгү боло турган Европада күчтүү конституциялык соттук түзүлүшкө ээ мамлекет барбы?

-Европадагы күчтүү конституциялык соту бар өлкөлөр, адатта оңчул диктаторлук тарыхы бар Германия, Италия, Испания, Португалия сыяктуу же солчул диктаторлук түзүлүштү башынан кечирген өлкөлөр. Ал эми салттуу демократиялык түзүлүштөгү мамлекеттерде мындай зарылчылыктын кереги жок болгон.

-Сиздин оюңузча, конституциялык соттун мүчөлөрү саясий басымдын алдында болбошу үчүн узак мөөнөткө же өмүр бою дайындалышы керекпи?

-Соттор кайрадан дайындалуу үчүн өкмөттөн же башка түзүлүштөрдөн көз карандылыкты четтетүү үчүн эмне жазоо керек? Албетте, эң мыкты чечим - соттордун узак мөөнөткө дайындалышы менен кайра-кайра дайындоолорду четке кагуу.

-“The Financial Times” журналынын өткөн жумадагы чыгарылышында Украина президенти Виктор Ющенко «Демократиялык өлкөдө адамдар бийликтин чечүүчү арбитрлери болушу керек» деп айтканы жарыяланган. Сиз бул ой менен макулсузбу же буга сын көз карашта болуп «адамдардын бийлиги» эмес мыйзамдуулук эң башкы нерсе болуш керек дегенге кошуласызбы?

-Менин оюмча, биз жөн гана «жаран болгондугубуз» үчүн «чакырык» иретинде конституциялык жана укуктук нормаларды сыйлоо маанилүү деген эрежеге макул болушубуз керек.

XS
SM
MD
LG