Ага бул акцияга катышкандардын саламаттыгын сактоо максатында бириккен фронттун жетекчилигинин ачкачылыкты токтотуу тууралуу суранычы себеп болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган кыймылдын ачкачылык акциясын уюштуруу боюнча координатору Жыргалбек Турдукожоев билдирди. Бишкектеги эски аянтта 60тан ашуун адам мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен 5-апрелден тарта ачкачылык акциясын баштаган. Акыркы күндөрү алардын саны 80ден ашкан эле.(SM)