Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:30

МИТИНГ КАЧАН ТОКТОЙТ?


Жакында эле КР Коопсуздук Кеңеш катчысынын орунбасарлык кызматынан отставка берген Алик Орозов «Де-факто» гезитинин суроолоруна жооп берип жатып, Бакиев бийликтен кетпесе митингдер басылбай турганын, мындан ары аны оппозиция уюштурбаса деле улам бир район көтөрүлүп, чаң-тополоң боло берерин айтуу менен, өткөн ноябрь митингинде митингчилердин тамак жасап жаткан казанына ич өткөрчү дарыларды, аянтка коюлган биодааратканаларга кадимки камыр ачыткычтарды салууга ушул бийлик буйрук бергенин, бирок чекисттер өз элине каршы багытталган мындай акмакчылыкты аткаруудан баш тартканын айтып берген. Ушул эле гезит экс-премьер-министр Азим Исабеков менен баарлашкан. Азим мырза Атамбаев менен таяке-жээн болорун, ал эки жүздүү адам экенин, кечээ эле Бакиевди «саясый өлүк» атаган киши бүгүн барып анын жанында иштеп калганын түшүнбөй олтурганын, өзү өкмөттө иштеп атып 5 министрди алмаштырууга президентке сунуш кылганын кызматка жаштарды тартсамбы деп ойлогонун кеп кылган.

Бүгүнкү саясый кырдаалдан чыгуунун эки жолун сунуштаган коомдук ишмер Амангелди Муралиев «Лица» гезити аркылуу, Бакиев өз ыктыяры менен бийликтен кетип, кайрадан президенттик же парламенттик шайлоого баруусун же өлкодөгү бардык саясый күчтөрдү чогултуу менен мунасага келип, «Реформа Өкмөтү» деп аталган өкмөт түзүүсү керектигин, экономикалык жана кадрларды дайындоо ыйгарым укугун ошол өкмөткө өткөрүп беришин, эгер мындай болбосо бул башталган митинг токтобой турган процесске айланып кетерин билдирген.

«Жаңы ордо» гезити «Тандем сыры же Феликс Куловдун ва-банкы» аттуу макала басты. Макалада Ф.Куловду ва-банк жасоого мажбурлаган жагдайлар жок эместигин, биринчиден, эгер ал 2010- жылдагы шайлоону күтө турган болсо ал үчүн кеч болуп калышы мүмкүндүгүн, экинчиден, анын артынан келаткан күчтүү жаш саясатчылардын фонунда «темир генерал» кыйла эле картаң көрүнүп каларын, Кулов буга чейинки кашыктап жыйнаган кадыр-баркын тобокелге салып, тура эмес кадам жасап жатканын, акыры митинг да аяктап, үй-жайы, бала-чакасы бар адамдар үйлөрүнө кетерин баяндаган. Гезит ошондой эле «Бириккен фронттун» аракеттерине ойлорун сурап кайрылганда белгилүү ырчы Гүлсүн Мамашева, саясатчылар тиреше бербей дагы эле бир пикирге келүүгө али да кеч эместигин айтса, коомдук ишмер Бегиш Ааматов, Бакиев ыңкылаптан кийин акаевдик башмыйзамдын аркасы менен шайланып алганын, ошондуктан бийлик жаңыланууга баргысы келбей жатканын, цирк артиси Жусуп Толтоев, митинг, пикет дегенден коркуунун кереги жоктугун, мына ушундай жол менен гана бийликтин кемчилигин көрсөтүп, өлкөнү алга жылдырууга болорун, өзү айрым жактарын албаганда фронтчулардын айткандарына кошуларын айтып жооп берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG