Билдирүүдө облустагы саясий партиялар менен коомдук бирикмелер "..фронттун" мөөнөтсүз митингин коомдук-саясий туруктуулук менен өлкөнүн бүтүндүгүнө жана эл биримдигине каршы келген чакырык катары кабыл алды. Конституциялык реформа шылтоосу менен бийликти көксөгөн саясатчылар элди адаштарып көчөгө алып чыкты. Элдик кыймыл митинг өткөрүү маалында болуп кетүүчү күтүлбөгөн кокустуктар фронттун лидерлерине жүктөлөөрүн эскертип, аларды митингди токтотууга, элди саясий амбициялары үчүн пайдаланбоого жана калк ичине жик салбоого чакырышты. Элдик кыймылдын курамына облустагы тогуз уюм кирген. Мындай маалымат кыймылдын штаб башчысы Мойдун Мамажановдон алынды. (YA)