Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

МИТИНГДИН КЕЧКИ ПРОГРАММАСЫНДА КОНЦЕРТ


Бишкекте өтүп жаткан Бириккен фронттун мөөнөтсүз митинги маданий иш-чаралар менен коштолууда.

11-апрелде аянтка Жамила Муратова, Стамгүл Турдалиева, Фарида Карбозова жана бир катар өнөрпоздор келишти. Алардын көпчүлүгү сахнага чыгып ырдап эле тим болушса, кээ бирлери бийликке болгон нааразычылыктарын да билдирип жатышты.

-Айкөл элдин ырысы чачылгананын кимге айтам
Шылдың кылып шылуундар жапырганын кимге айтам
Эл артынан акча алып,
Бакиевдин сапырганын кимге айтам
- деп ырга салды Сагынбек Момбеков.

Митингдин маданий бөлүгүнүн көркөм жетекчиси Рафаель Сарлыков бардык ырчылар чакырылгандыгын, бирок айрым ырчылар чочулап келбей коюшкандыгын билдирди. Ал эми ырчылар менен маектешкенибизде алардын айрымдары элдин тынчтыгын гана көздөп келдик десе, кээ бирлери Бириккен фронттун таламын жактай тургандыгын белгилешти.

-Бакиевден чоң нерсени үмүттөнгөнбүз да. Анан үмүттөрүбүз үзүлүп, баягы аткарылчу нерселер ишке ашпай жаткандан кийин, дагы эле ошол чындыкка чыркырап келген кыргыздардын арасында мен дар бармын-деди ырчы Стамгүл Турдалиева .


Ал эми эстрада ырчысы Азизанын айтымында, ал эки тарапты тең колдобойт, элдин тынчтыгын гана көксөп келген.

Өнөрпоздордун коштоосундагы маданий программа 12-апрелде да улантылат. Бириккен фронттон билдиришкендей эски аянтта саат төрттө буга чейин “Агым” гезитине жарыяланган, байге фонду беш жүз миң сомду түзгөн мекендик ырлардын сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, сыйлыктар тапшырылат. Ошондой эле Орусиядан келген ырчылардын концерти өтөт.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG