Учурда митингчилер алдында депутат Мелис Эшимканов сүйлөп, ал УТРКаны көздөй жүрүш жасоого чакырды. Анын пикиринде, УТРК митингди бир жактуу, чагым менен чагылдырып жатат. Кечээ УТРК арак ичип отургандарды көрсөткөн эле. Эшимканов өз сөзүндө Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталиновду да сынга алды, ал Суталиновдун "митингчилер мас болушту, аларды 50 сомдон жалдап келишкен" деген сөзүн четке кагып, Суталиновду кызматтан кетүүгө чакырды. (AiT)