Оппозициялык бириккен фронт менен "Реформа үчүн" кыймылы уюштурган митингге жер-жерлерден келген катышуучулар борбордук «Алатоо» аянтында ошентип бүгүн экинчи түндү тосушту. Эртең менен аянтта болгон кабарчыбыздын маалыматына караганда, түн негизинен тынч өткөн. Аянтка тигилген 30дан ашуун боз үй жана 70 чакты чатырларда түнөгөндөрдүн саны болжол менен 2 миңдин тегерегинде. Бүгүнкү митингдин расмий бөлүгү күндүзгү саат беште башталат. Ага чейин аянтта маданий иш чаралар өтүп турмакчы. (SM)