Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГОБУ?


«Белый пароход» гезитинин учурдагы кырдаалга баа берүүсүн сурап кайрылганына жооп берген депутат И.Масалиев, Кыргызстандын учурдагы жолу күч аркылуу чечилбей турганын, жума башында ЖК төрагасы Марат Султанов экөө президентте болуп, президенттик шайлоо 2009-жылдын октябрында болоруна ынандырышканын, Бакиев буга макул болгонун, бүгүн мындан бөлөк жол жок экендигин белгилесе, жаңы өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев, Акүйдө олтургандардын бир тобу реформа болушун каалабагандыгын, так ушундай адамдар Бакиевди ойго келбес кадамдарга барууга түртүп жатканын, бирок президентке чындыкты айтып ишендирүүгө болорун айтат. Ал эми ЖК төрагасы Марат Султанов, эгер 1-күнгө чейин «Бириккен фронт» өздөрү сунуш кыла турган Конституция долбоорун даярдап, палатага киргизүү эрежелерин сактап келсе парламент аны да талкууга алып көрөрүн, саясат таануучу Нур Омаров, мамлекет башчысы акыркы кайрылуусунда оппозицияны күнөөлөп олуттуу ката кетиргенин, Бакиев өлкө лидери боло алат деген ишенимден биротоло ажыраганын, ал качан болсо өткөн замандын көзү менен көрүп, өткөн замандын мээси менен ой жүгүртүп калган адам экендигин белгилейт.

«Кыргыз туусу» гезити «Элибизге тынчтык керек», «Тирешүүлөргө сүйлөшүүлөр гана чекит коет», «Жерден жарака кетти, элден жарака кетпесин»… Мына ушул өңдүү макалалар менен жарык көрдү.

«МСН суббота» гезити азыркы кезде ооздон түшпөй калган «кетсин» деген сөз эми өкмөт башчысы А.Атамбаевдин дарегине да келип жеткенин, Атамбаев түзгөн өкмөт курамына өзүнүн бир-эки партиялаштары кирген менен эле коалициялык өкмөт түзүлдү дегенге ишенүү мүмкүн эместигин, бүгүн деле Атамбаев башкарган өкмөт ишти оңдөп кетери күмөн экендигин жазат.

«Агым» гезити «Тирүүлөр» деп аталган макаласында, демонстранттардын туягын санап, оппозицияны оптом мат кылып аткан КТР, 5-канал, анан Бакиев басма сөзү митингке 50 миң киши чыгат деди эле, ашып кетсе 5-10 миң киши чыкты деп жар салып жатат. Болуптур, 5-10 миң кишини киши деп эсептебесе эмне үчүн Бакиев өлкөнүн куралдуу күчтөрүн тикесинен тик тургузду? Башаламандык болсо ошолорду катуу жазалайбыз дейт, анда бийликтин, мамлекеттин кызматы кайсы? 2005-жылдын 24-мартындагы каракчылыкка революция баштыгы Бакиев эмне үчүн жооп бербейт? Бери дегенде Жалал-Абад банкынан үкөсү шыпырып кетен 24 миллион сомду эмне үчүн мамлекетке кайтарбайт?-деп суроо коет.

«Эркин тоо» гезити Кулов, Текебаев, Эшимканов, Сариев, Байболов, Иманалиев, Карабеков элдин атынан сүйлөөгө укуксуз, алардын күрөшү эл бийлигине каршы, революцияга каршы күрөш, алар кайрадан Акаев заманын кайтарып алабыз деп жатышат деп жазды.

«Жаңы кылым» гезити президенттин мамлекеттик кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун оюна орун берген. Сыдыков мырза, Кулов, Эшимканов, Сариев менен жолугуп сүйлөшкөнүн, негизинен фронтчулар деле сүйлөшүүлөргө барса болорун билдиргенин, анан аны президентке кирип айтканын, сүйлөшүүгө Бакиев да макул болгонун, ал эми өзү болсо элди сабырдуулукка, ынтымакка чакырарын билдирген.

«Кыргыз руху» гезити менен баарлашкан коомдук ишмер Накен Касиев мырза, ноябрь митингинде бөөдө кан төгүлүп кетпесин деп эки тарапка ортомчу болгонун, бирок Бакиев калың элди каратып туруп алдап кеткенин, Башмыйзамды реформалоого келгенде көз боемочулукка барып атканын, эми андайга жол берүүгө болбой турганын айтса, КР президентине караштуу адам укуктарын сактоо боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун, КТРга дагы эле бийлик ээлик кылып жатканы менен ал кийин өзгөрөрүн айтат. Ушул эле гезит, «Сиздин калпычылыгыңыз элдин ишенимин өчүрүп бүттү» деген макаласын президент К.Бакиевге арнаган. Анда, «… тарых сизге эң сонун мүмкүнчүлүк берсе дагы аны аткаруу колуңуздан келген жок, эми сиздин алдыңызда бир гана мүмкүнчүлүк бар. Кыргыз элинин эсинде өз кара башын сактап качып кеткен президент эмес, өз катасын мойнуна алган президент катары калышыңызды каалар элек» деп жазат.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG