Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

ЖАҢЫ МЫЙЗАМ КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТКО ЖӨНӨТҮЛДҮ


Парламенттин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети президент сунуш кылган Башмыйзамга өзгөртүү, кошумчалар боюнча мыйзам долбоорун Конституциялык соттун корутундусун алуу үчүн жөнөттү. Бирок да жаңы долбоорго Конституциялык сот жакын арада корутундусун чыгарышы да күмөн. Кворум жоктугунан ал ишин уланталбай отурат.

Конституцияга өзгөртүү, толуктоолор киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору 10-апрелде парламентке жөнөтүлгөн. 13-апрелде мыйзам долбоору комитетте каралды. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев өзгөртүүлөр баарына жага турган документ эместигин, ошентсе да аны маалынан кечиктирбей парламентте кабыл алыш зарылдыгын белгиледи.

- Бирок бир тил табышпасак, бир чечимге келбесек болбой турат. Кайрадан “дагы бир жумушчу топ түзүп, оппозиция менен сүйлөшкүлө” дегендерге. Мына мен деле оппозициямын. Мен өкмөттөгү оппозициянын өкүлүмүн. Менин артымдагы адамдар мынабул аянттагылардан аз эмес. Эми созо берсек, эл парламентти түшүнбөйт.

Парламенттин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин кеңейтилген жыйынына катышкан депутаттардын көпчүлүгү жергиликтүү соттордун парламент “элегинен” өтпөй, президент тарабынан гана дайындалышына каршы экендиктерин жашырган жок. Авасбек Момункулов мындай кадам демократиядан артка кетүүнү түшүндүрө тургандыгын айтып, aндай конституциялык өзгөрүүлөргө каршы добуш бере тургандыгын жарыялады.

- Мурдагы Конституцияда сотторду иргөөнүн Жогорку Кеңеш сындуу элеги бар болчу. Эми жаңысында аны алып салып жатабыз. Акылдуубу-акылдуу эмеспи, эми соттор кимдир бирөөнү жакшы көргөндүгү, кылган кызматы үчүн гана дайындалат.Ошондуктан бул Конституция аркылуу биз бир нече кадам гана артка кетпестен, демократиядан бир чакырым артта калабыз.

Парламенттин комитет төрагасы Исхак Масалиев жергиликтүү сотторду дайындоону президентке калтыруу туура деп эсептейт.

- Ойлоп көрсөңөр, жүздөгөн соттор коридордо “колдоп бер” суранып турушат. Бирок бир нерсени депутаттар эске алабй жатышат. Алардын мөөнөтү биринчи жолу беш жылга, андан кийин пенсияга жашы жеткенге чейин болот. Ошондуктан алардын көз карандылыгы эч качан болбойт.

Депутат Жусуп Иманалиевдун пикиринде, жаңы мыйзам долбоорун оболу парламент талкуусунан өткөрүп, депутаттардын алымча-кошумчасы менен макулдашылган вариантты кабыл алуу дурус болмок.

- Анан ушул макулдашылган вариантты сунуштасаңыз, ошол өтөт беле деп ойлойм. Сиз ушуга кандай карайсыз?
А.Атамбаев: - Макулдашылган вариант эч кимге, тиги тарапка кереги жок.


Анткен менен “Реформачылар үчүн” кыймылынын мүчөлөрү жаңы Конституция долбоорун даярдап, аны парламентке сунуш кылууга даярдап жатканын кыймыл мүчөсү Осмонбек Артыкбаев маалымдады.

- Жаңы, ушу эл талап кылган Конституциянын долбоорун даярдап жатабыз.

Эки жылдан бери саясий талаш-тирешти чакырып келаткан конституциялык реформа бул ирет да көчө жыйындарынын өктөм талабы алдында, ажыраган тандемден чыккан саясий күрөштүн кызуу учуруна туш келди.

XS
SM
MD
LG