Бул тууралуу «Азаттыка» 13-апрель күнү "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын Баткендеги бөлүмүнөн кабарлашты. Милициянын маалыматы боюнча 11-апрелде Баткендеги почтанын кызматкери Каныбек Абдыкайыровду белгисиз кишилер өлтүрүп, машинесиндеги пенсия жана жөлөк пулга бөлүнгөн 500 миңге жакын сом акчасын алып, жашынып калышкан. Кылмыш боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. (SA)