Байкоочулар жөө жүрүш акциясына чыккандардын катары арбып, аянттагы жыйналгандан эки эсе көбөйүп кеткенин белгилешүүдө. Аянтка чогулган эл болжол менен үч миң менен беш миңдин ортосунда деп айтылып жаткан. Митингичилердин катарына көчөлөрдөн улам жаңы адамдар кошулуп жатышат. Жөө жүрүшкө чыккандар ИИМдин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдынан өтүшүп, азыркы учурда кайрадан парламент имаратынын жанына келишти. Уюштуруучулардын айтымында, бул жерден жөө жүрүш акциясы МТРКны көздөй уланат (KCh).