Сезер билдирүүнү келерки айда болчу президенттик шайлоону утурлай жасады. Исламчыл өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдоган президенттикке ат салышчу күчтүү талапкер саналат. Эрдоган президент шайланса, өлкөдө ислам ибадаттары киргизилет деп чочуган секуляристтер бүгүн Эрдогандын талапкерлигине каршы акция өткөрүшмөк болушууда.
Түркиянын президенти Ахмед Неждет Сезер өлкөнүн башкаруу системасы чоң сыноо алдында турганын эскертти