Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

13:00 Жалын Маматказиев: Кармалган митингчилерге милиция күч колдонгон


“Канжар” кыймылынын лидери Жалын Маматказиевдин айтуусунда милиция тарабынан кармалган 12 киши бошотулду. Ал кармалган кишилерге милиция күч колдонуп, желим таяк менен сабаган деп билдирди:

-Кармалган митингчилер колдоруна Бириккен фронттун көк тасмаларын байланып жүрүшкөн. Аларды сөгүп, желим таяктар менен сабашыптыр. Эч кандай негизи жок кармап, милиция өзү мыйзамды бузуп жатат,

Жалын Маматказиевдин бул маалыматын да президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун четке какты. Ал кармалган митингчилерди бошотууга өзү да катышканын белгилеп, аларды уруп-сабоонун белгилери байкалбагандыгын жана кармалгандардын өздөрүнөн да милиция күч колдонгону тууралуу даттануулар болбогондугун билдирди.

XS
SM
MD
LG